Чек арадагы куралдуу жаңжалдан 600 объект талкаланды

Чек арадагы куралдуу жаңжалдан 600 объект талкаланды.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Бакытбек Чамашев билдирди. Анын айтымында, атайын комиссия кечээтен бери Баткен облусунда келтирилген зыянды эсептеп жатат.

 

Азыркы тапка алынган маалымат боюнча 282 үй, 3 стратегиялык объект, 9 социалдык объект жана 300 чарбачылык объектилери жабыркады. Комиссия жеринде ишин улантып жаткандыктан, бул маалымат өзгөрүшү мүмкүн.