Баткенде чек арадагы кагылышууда жабыркагандарга акчалай жардам берүү үчүн бирдиктүү эсеп ачылганын ӨКМ кабарлады.
Учурда өлкөнүн жер-жерлеринде гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу атайын түйүндөр ачылды.
«Сиздерден жардамдарды кабыл алуу түйүндөрүнө тез бузулуп кетүүчү тамак-аш, азык-түлүк топтомдорун тапшырбоону өтүнөбүз. Кыска убакытта бузулуучу тамак-аштын ордуна акчалай түрдө жардам берүүнү суранабыз», — деп жазылган маалыматта.
Каражатты которуунун реквизиттери:
Казыналык системадагы алуучунун эсеби: 4409021103005073
БИК 440902 (МКП, ВКП)
БИК 440001 (банк аркылуу)
Коммерциялык банк аркылуу алуучунун эсеби: 1352119929762602
Алуучу банк: ААК «Айыл банк»
БИК 135001
Төлөмдүн аталышы: «Баткен окуясынын жабырлануучуларына»
Төлөм коду: 14411100.