Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Бүгүн, 9-мартта Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт.

Бул тууралуу “Бишкек суу канал” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, И.Ахунбаев, Матросов, Горький, Юнусалиев көчөлөрүндө суу берүү токтотулат. Үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объектилери жана башка ишканаларда суу болбойт.