Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалы 16-сентябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу профессионалдык футбол лигасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ардак кубок үчүн канттык “Абдыш-Ата” клубу менен Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” командалары ат салышат.
Эске салсак, азыркы кубок ээси “Абдыш-Ата”.