Ирландияда блогерлерди окута турган университет пайда болот

Ирландияда блогерлерди окута турган университет пайда болот.

 

Контент жаратуу жана социалдык медиа тармактарындагы атайын адистик кийинки жылдын сентябрында ачылат. Диплому бар блогер болуу үчүн каалоочулар 4 жыл билим алышы керек.

 

Жогорку окуу жайда бул багытты тандагандарга чыгармачыл жазуу, контент жаратуу, атайын видеолорду тартуу жана окуяларды кызыктуу кылып айтып берүү боюнча сабактар өткөрүлөт. Демилгечилердин пикиринде, блогерлер техниалык жактан билимдүү болуп, видео жана аудио жазууну, монтаждоону жакшы билиши керек.