Энерго компанияларды бириктирүүдө үнөмдөлгөн каражат карыздарды төлөөгө жумшалат

Энерго компанияларды бириктирүүдө үнөмдөлгөн каражат карыздарды төлөөгө жумшалат. Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды.

 

Ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында   1 миллиард сом үнөмдөлүшү күтүлүүдө. Каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө багытталат.

 

Энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» акционердик коому менен бириктирилип, абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү.