Ош базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде
жайгашкан дүкөндөн чыккан. Аны өчүрүүгө 5 бөлүм тартылды. Өрттүн жалпы аянты
болжол менен 270 чарчы метрди түзөт. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.
Өрттүн чыгышына өчүрүлбөй калган жылыткыч себеп. Жалпы материалдык чыгым такталууда.