Ош облустук милициясынын үч орун басары кызматтан алынды

Ош облустук милициясынын башчысынын үч орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Ал эми мекеменин башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилди. Анын үч орун басары — Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодон улам жумуштан алынды.

 

Окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгону такталган. Анда укук коргоо органынын өкүлдөрү пикир келишпестиктен улам мушташканы аныкталган. ИИМ бул окуя боюнча юридикалык баа берилерин кошумчалады.