Кыргызстанга кызылча жана кызамыктан 700 миң доза вакцина жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, препарат вирустун жайылуусун алдын алууга жардам берет.
Аны менен 9 айдан 7 жашка чейинки балдарды эмдөө пландалууда. Бул максатта оорукана жана мектептерде убактылуу түйүндөр ачылат. Кызылча жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө программасы бүгүн Бишкек, Ошто жана Чүй, Ош облустарында башталып, 29-сентябрга чейин уланат.