Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды.

Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министринин орун басары

Жалалидин Рахматуллаев билдирди. Ал белгилегендей,

жарандар буга чейинки санитардык эпидемиологиялык талаптарды

так сакташы зарыл. Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус

пандемиясынын биринчи толкуну былтыр июлда башталып,

күнүнө жаңы 1 миң 600 учур катталды. Кийинки толкун ноябрда болуп,

вируска күнүнө 600 адам чалдыккан. Ал эми бүгүнкү статистика

боюнча ковидге кабылгандардын саны 514гө жетти.