Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 3,3 пайызды түздү

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 3,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

 

Алдын ала маалыматка ылайык, Кыргызстанда январь-сентябрь айларында ички дүң продукт 677 миллиард сомдон ашты. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3%га өскөн.

 

ИДПнын көлөмү өнөр жай, тейлөө, айыл чарба жана курулуш тармагынын өсүшү менен шартталган.