Кыргызстанда жыл аягына чейин 16 ГЭС пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, 2023-жылдан 2026-жылдын соңу чейин жалпысынан 48 ГЭС жана 15 күн менен шамалдан энергия алуучу станциялар курулат.
Мындан тышкары, Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланып, кошумча 276 МВт кубаттуулук кошулат. Ал эми Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 курулуп бүтсө, 2миң МВттан ашуун электр энергиясы өндүрүлө баштайт.
Ал ишендиргендей, жогорудагы ГЭСтер бүтөрү менен өлкөдө электр энергиясынын маселеси чечилет.