Казакстанда дагы 72 адамдан коронавирус аныкталды

 

Казакстанда дагы 72 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Атырау облусунда 9, Батыш Казакстан облусунда 4, Кызыл-Ордо облусунуда 2, Мангистау облусунда 10, Түркестан облусунда 11, Алматыда 17, Нур-Султанда 17, Чимкентте 2.

 

Казакстан боюнча жалпы 4 миң 121 адам коронавирус менен жабыркап жатат. Анын 1 миң 173ү айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми 29 киши каза болгон.