Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкты

Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкты. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, иш мамлекеттик органдардын, Профсоюздар федерациясынын мурдагы курамынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана иш берүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

 

Эксперттер тарабынан ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлүп, кайталанган беренелер боюнча талдоо болду. Анын жыйынтыгында тиешелүү мыйзамдарга, эмгек мамилелери түшүнүгүн сактоо менен айрым ченемдер киргизилди.