Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

 Абал жакшырганга чейин Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу берүү графикке ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
График:

21, 23, 25, 27, 29-июнь күндөрү Садырбаев — Абдрахманов — Асылкеч — Жайыл-Баатыр — Арча-Бешик — Жайыл-Баатыр — Чортеков — Эр Тайлак көчөлөрү менен чектешкен аймакка эртең мененки саат 7:00дөн 11:00гө чейин суу берилет;

22, 24, 26, 28, 30-июнь күндөрү Репин — Жайыл Баатыр — Чортеков — Күйүкова — Чортеков — Кең-Суу — Камбар-Ата — Арча-Бешик — Кызыл-Суу — Ак-Марал, Репин — Күйүкова көчөлөрү менен чектелген аймактарга саат 7:00дөн 11:00гө чейин;

саат 13:00дөн кийин суу өткөргүчтөр бош болгонго чейин: Күйүкова — Муромская — Арча-Бешик 21-көч. — Көпүрө базары — Ахунбаев — Кызыл-Суу — Ак-Марал — Шералиев — Күйүкова көчөлөрүнө суу берилет.