Дзюдочу Эрлан Шеров Париж олимпиадасына жолдомо алды

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынан коло медаль утуп, Париж олимпиадасына жолдомо алды. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн мелдеште 90 килограмм салмакта күч сынашкан.

 

Чечүүчү мелдеште италиялык Кристиан Парлатини жеңди. Бул медалы менен Эрлан Шеров кыргыз дюздо тарыхындагы дүйнө чемпионатынан байге уткан алгачкы дзюдочу болуп калды.