Президент Жапаров Манаслу чокусуна чыккан альпинисттер менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 10-октябрда, Гималайдагы Манаслу чокусуна чыккан альпинисттерди кабыл алды. Аларды планетанын эң бийик чокуларынын бирин ийгиликтүү багындырышы менен куттуктады.

Мамлекет башчы кыргызстандыктардын бул ийгилиги жалпы өлкөдө сыймыктануу жана шыктануу жаратканын белгилеп, альпинизм боюнча улуттук курамага Кыргызстандын туусун бийик чокуга орноткону үчүн ыраазычылык билдирди.

Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгуу үчүн 80 өлкөнүн 404 альпинисти барып, 60ы максатына жеткен. Алардын арасында алтоо кыргызстандык альпинизм боюнча курама команданын мүчөлөрү. Булардын үчөө чокуга кислороддук колдоосу жок чыгышкан. Бул альпинизмде чоң жетишкендик болуп саналат.

Альпинисттер Манаслу чокусун тандап алуу — анын аталышынын “Манас” эпосуна окшоштугуна байланыштуу болгонун айтып, чокуга “Манас” эпосунун үч килограммдык томун кошо алып чыгышкан. Алар Манаслу чокусун багындыруу жалпы Кыргызстанга, Баткенге жана “Манас” эпосуна арналганын белгилешти.

Альпинисттер Манаслу чокусуна илинген желектин бирин мамлекет башчыга тапшырып, дагы бирин Баткендеги эң алыскы чек ара тозотуна тапшырууну көздөп жатканын айтышты.

Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасы Гималайдагы Манаслу чокусун быйыл 1-октябрда багындырган.

Манаслу чокусунун бийиктиги 8163 метр, Жердеги эң бийик чокулардын бири.