«Манас» аэропортунда заманбап унаа токтотуучу жай курулууда

«Манас» эл аралык аэропортунда электр кубаттагычтары бар заманбап унаа токтотуучу жай курулууда. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жаңы унаа токтотуучу жай 180 орунга чакташкан. Анын ичинен 60 орун VIP залдын конокторун камсыз кылууга ылайыкташкан.

 

Учурда куруу иштери жүрүп жатат.