Токтогул суу сактагычындагы суу тартыштыгынан улам Кыргызстан электр энергиясын пландалган көлөмдөн көбүрөөк импорттоого аргасыз

Токтогул суу сактагычындагы суу тартыштыгынан улам Кыргызстан электр энергиясын пландалган көлөмдөн көбүрөөк импорттоого аргасыз. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда Токтогулда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, суунун көлөмү  1 миллиард 850 миллион кубометрге аз. Буга байланыштуу өлкө 2 миллиард киловатт-саатка көп электр энергиясын импорттойт.

 

Учурда Кыргызстан электр энергиясы Түркмөнстан, Россия жана Казакстандан сатып алууда.