Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолу жабык

4-майдын түнүндө саат 21:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 57-чакырымын каптаган.

Учурда жол каттамы токтогонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, тактоо жана тазалоо иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-май күнү кечке маал жаап өткөн жамгырдан кийин кокту-колоттордон келген суу Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында эки турак үйдү жана короолорун каптаганын кабарлады.

Таластын Бакай-Ата районунда каналдагы суу кирип Биринчи Май айылындагы турак үйлөргө коркунуч жараткан. Нарын шаарында дагы турак үйдүн короосун суу каптаган.

Кыргызгидромет борбору ушул күндөрү тоолуу аймактарда сел коркунучун эскертүүдө. 5-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Маалыматка караганда, кээ бир райондордо жаан катуу жаайт.

Сел, көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.