Сузакта селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

Сузакта селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ыоайык, 4-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Барпы жана Атабеков айылдарында 654 үйдү, 10 социалдык мекемени сел каптады.

 

Айылдардан 1 миң 53 адам эвакуацияланган. Жарандык коргонуу кызматынан 260, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, сел каптаган үйлөр тазаланууда.

 

Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.