Таласта Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы үй камагына чыкты

Таласта жемкорлукка шек саналып кармалган Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Садык Бекназаров 2-февралда шаардык соттун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиргендей, Бекназаровдун үй камагына чыгышына УКМКнын өтүнүчү себеп болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бюджеттен бөлүнгөн акчаны «кымырып алган» деген шек менен кармалганын билдирген. Аны менен кошо «Календер-Курулуш» ишканасынын да жетекчиси кармалган.

Расмий кабарда айтылгандай, Бекмолдо айылынын жолдорун оңдоого 1,5 млн. сом сарпталып, бирок документтерге 5 млн. сомдон ашык кеткени көрсөтүлгөн.

Маалыматта «Календер Курулуш» ишканасы материалдар кымбаттап кеткенин айтып, негизги суммага кошумча талап кылып, ишти токтотуп койгону, бирок текшере келгенде анын аткарган жумушу стандартка туура келбегени, баасы кымбат көрсөтүлгөнү аныкталганы айтылган. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Бул коррупциялык иш боюнча «Азаттык» радиосу сюжет жарыялаган. Анда Кара-Ой айылындагы ички жолдорго бөлүнгөн акчага асфальт төшөлбөгөнү көрсөтүлгөн. Ал эми кармалган айыл өкмөттүн жакындары Бекназаровдун күнөөсү жок экенин айтып чыгышкан.

Бекмолдо айыл өкмөтүнө Таластагы Жерүй алтын кени жакын жайгашкан.