Нью-Йорк шаарындагы зоопарктан дагы 4 жолборс менен 3 арстандан коронавирус аныкталды

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бронкс зоопаркында жашаган 4 жолборс жана 3 арстандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу зоопарктын администрациясы маалымат таратканын, чет элдик басылмалар жазышууда.

 

Маалыматка ылайык, зоопарктагы төрт жолборс жана үч африкалык арстан жөтөлө бергендиктен алардан тест алынган. Жыйынтыгында алардан коронавирус инфекциясы аныкталды. Азыркы учурда жапайы жаныбарлар өздөрүн жакшы сезип калышкан.

 

«Алар кадимкидей жүрүп, кадимкидей тамак жеп калышты жана жөтөлгөндөрү дагы азайды» деп билдиришкен зоопарктын кызматкерлери.

 

Буга чейин аталган зоопарктагы Наде аттуу төрт жаштагы жолборс зоопаркка көрүүчү катары келген адамдан коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.