Нусрет Гёкче Бишкек “Тазалыктын” чыгармачылыгын жогору баалады

Белгилүү түрк ашпозчусу Нусрет Гёкче Бишкек “Тазалыктын” чыгармачылыгын жогору баалап, атайын техникадагы өзүнүн сүрөтү чапталган видеону Instagram баракчасына бөлүштү.

 

Ал катталуучулардан унаа жүрүп бара жаткан локацияны сурап билдирүү калтырган.

 

Эске салсак, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери 2020-жылы компаниянын жол тазалаган унаасын популярдуу ашпозчунун портрети менен кооздоп коюшкан. Гёкче этке туз чачуунун адаттан тыш ыкмасы менен дүйнө жүзүнө кеңири белгилүү.