Туристтер үчүн коопсуз өлкөлөр аталды

Туристтер үчүн коопсуз өлкөлөр аталды. Дүйнөлүк туризм жана саякат кеңешинин адистери түзгөн рейтингдин сап башында Испания Мадрид, Барселона, Севилья шаарлары менен жайгашты. Экинчиде Мексика, үчүнчүдө Канада турат.

 

Ал эми Түркия, Болгария, Ямайка, Португалия, Сауд Арабиясы туристтер үчүн быйыл кооптуу деп эсептелет. Тизмеге коронавирус пандемиясынын шартында туристтердин коопсуздугу үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыккан өлкө жана шаарлар кирди.