Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

 Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:36да өлкөнүн Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Светлая Поляна, Ырдык, Мундуз, Тилекмат, Кызыл-Суу, Оргочор, Чоң-Кызыл-Суу, айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

 

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.