Бишкекте коронавируска чалдыккандардын саны төмөндөй баштады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда ооруканаларда
1 миң 400 бош орун бар. Мындан төрт күн мурда 1 миң 190 бош орун болсо,
андан бери ага дагы 210 орун кошулду. Ал эми акыркы суткада
бейтаптардын саны 27ге кыскарды.