Парламенттик шайлоого аттанган 20 партия БШКга документтердин толук топтомун тапшырды

Парламенттик шайлоого аттанган 20 партия БШКга документтердин толук топтомун тапшырды. Кабыл алуу кечээ кечки саат 6да токтотулду.

 

Боршайкомдон билдиришкендей, дагы эки саясий уюм документтерин кечигүү жана каталар менен тапшырды, бирок партия өкүлдөрү буга макул эмес. Андыктан, алар боюнча маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун отурумунда чечилет.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Добуш берүү аралаш система менен уюштурулат.