Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

Кечээ, 26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

 

Маданият күндөрү Анкара Чоң театрынын фойесинде Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли улуттук ыр-күүлөрдү ойноп, ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер, чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү.

 

Адан соң маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып, театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды.