Республикадагы жети калкты тейлөө борбору жаңы форматта иштей баштады

Өлкөнүн 7 калкты тейлөө борборунда жаңы форматтагы “фронт-офис” жана “бэк-офис” боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Ал кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана кезек күтүүгө кеткен убакыттарды азайтууга багытталган.

 

Жаңы принцип менен Бишкек, Каракол, Ош, Баткен, Шопоков шаарларындагы, Кочкор жана Сузак айылдарындагы борборлор иштеп жатат.

 

Долбоорду ишке ашыруу үчүн кошумча операторлор тартылды.