Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.

 

Кооптуу тилкелердин тизмесине Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чон-Ашуу, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусу кирет. Айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты чектелиши зарыл.