Чыңгыз Макешов экономика министринин орун басары болуп дайындалды

Чыңгыз Макешов экономика жана соода министринин жаңы орун басары болуп дайындалды.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайындоо тууралуу тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Чыңгыз Макешов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы Ишкердикти өнүктүрүү фондунун төрагасы, 2011-жылы Ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштеген.

Ал эми 2014-жылы — Кыргызстан зергерлер ассоциациясынын аткаруучу директору.

2008-жылы — БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы долбоордук координатору болгон.