Сеулдагы каргашадан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Сеулдагы каргашадан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги окуя катталган Йонгсан районунун полициясына таянып кабарлады.

Учурда Кыргызстандын Кореядагы элчилиги кырсыктын чоо-жайын билиш үчүн жергиликтүү тийиштүү органдар менен иштешип жатат, — деп айтылат маалыматта.

Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында пайда болгон тыгындан соңку маалымат боюнча кеминде 151 адам каза болду, дагы 82 адам жараат алды.

Каза тапкандардын 19у чет өлкөлүктөр экени аныкталды.