«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 4 миллиард 206 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 4 миллиард 206 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, жеңилдетилген насыяга 8 миң 371 адам ээ болду. Ошондой эле быйыл 250 айыл чарба техникасын лизингге берүү пландалды.… Кененирээк…

Баткен облусунда быйыл былтыркыдан көбүрөөк эгин жыйналат

Баткен облусунда быйыл былтыркыдан көбүрөөк эгин жыйналат. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 5 миң гектардан ашык аянттагы буудай жана арпа жыйналды. Ал эми ушул жылы жалпысынан 26 миң гектарга жакын аянтта оруп-жыйноо жумуштарын аткаруу пландалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң гектарга көп. Түшүм гектарынан… Кененирээк…

Кыргызстан төө буурчакты 25 өлкөгө экспорттойт

Кыргызстан өндүргөн төө буурчагын Түркияга сатат деп эсептелип келет. Бирок маалыматтарда Түркияга болгону 10 пайызы гана тиет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан ушул жылдын төрт айында 60 миң тоннадан ашык төө буурчак экспорттогон. Жалпысынан буурчактын үч түрү сатылган. 2,2 миң тонна майда кызыл төө… Кененирээк…

Араван районундагы ири мөмө-жемиш багы 1 миң адамды жумуш орду менен камсыздайт

Араван районундагы ири мөмө-жемиш багы 1 миң адамды жумуш орду менен камсыздайт. Кеп, түшүм жыйноо мезгили тууралуу болуп жатат. Анда 183 гектар аймакка 100 миңден ашык шабдалы, алча, бадам жана жаңгак көчөтү отургузулган. Электр линиялары тартылып, кошумча трансформатор да бар. Сугаруу үчүн 12 цистернага суу… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда зыяндуу чегирткелер жылдагыдан аз чыкты

Кыргызстанда 14 миң гектар аянт зыяндуу чегирткелерден корголду. Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинен novosti.kgге билдиришкендей, зыяндуу чегирткелердин чыгуусу алгачкы ирет Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында апрелде катталды. Алардын ушул жылы 120 миң гектардан чыгышы күтүлгөн. Бирок жаз айлары жаан-чачындуу болгондуктан, чегирткелер 16 миң эле гектардан чыкты.… Кененирээк…

Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери башталды

Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталган. «Аталган аймакта бүгүн 2 гектар жерде арпа орулуп, жыйналды. Жалпысынан Кадамжай районунда 2… Кененирээк…

Кыргызстанда буудай жана арпа эгүү 96 пайызга жыйынтыкталды

Кыргызстанда буудай жана арпа эгүү 96 пайызга жыйынтыкталды. Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуевдин айтымында, бүгүнкү күндө тоолуу аймактар эле калды – Чоң-Алай, Чаткл, Суусамыр райондору жана Нарындын тоолуу райондору.   Дыйкандар иштерин 20-майга чейин жыйынтыктоо ниетинде. Чодуев белгилегендей, учурда ошондой эле жүгөрү, дарбыз жана башка өсүмдүктөрдү… Кененирээк…

Апрелдеги үшүк дыйкандарга чоң зыян алып келди

Апрелдеги үшүк дыйкандарга чоң зыян алып келди. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, көбүнчө Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Чүй облусунун агрардык тармагы жабыркады.   Алдын ала эсептөөлөр менен чыгым 300 миллион сомдон ашат. Жеринде жарандык комиссия тактоо иштерин улантууда. Чодуев белгилегендей, Айыл-чарба… Кененирээк…

Чүй облусунун токой чарбаларына 205 миң даана көчөт сатылып алынды

Чүй облусунун токой чарбаларына 205 миң даана көчөт сатылып алынды. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, алма, өрүк жана жаңгак көчөттөрү   ошондой эле Каракол шаарынын токойлоруна отургузулат.   Бул максатта Дүйнөлүк банк жана экологиялык фонд 4 миллион сом бөлүп берген. Бактар 700 гектардан ашык жерге… Кененирээк…

Кыргызстанда жазгы-талаа иштери өз учурунда башталып, кечигүүсүз өтүшү керек

Кыргызстанда жазгы-талаа иштери өз учурунда башталып, кечигүүсүз өтүшү керек. Тиешелүү мамлекеттик органдарга мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов берди.   Ага ылайык, үрөн, урук жана  техника өз маалында камсыздалышы керек. Буга айыл-чарба жана мелиорация министрлиги жооптуу, — деди чиновник.