Мурдагы Эмгек министри жаңы кызматка дайындалды

Мурдагы Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.   Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Ал эми ведомствонун буга чейинки жетекчиси Улан Карыпбеков ээлеген кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады

Президент Садыр Жапаров үч министрликке жаңы жетекчилерди дайындады.   Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, Саламаттыкты сактоо министри болуп Алымкадыр Бейшеналиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп Гүлнара Баатырова жана Нурия Кутнаева Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.   Буга чейин алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш 3 жаңы министрдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 3 жаңы министрдин талапкерлигин жактырды.   Депутаттар Саламаттыкты сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевди, Эмгек министри ордуна Гүлнара Баатырованы жана Нурия Кутнаеваны Санариптик өнүктүрүү министрлигине дайындоого макулдугун беришти.   Эми тиешелүү жарлыктарга президент кол коюшу керек.

Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагына жетекчи болду

Умбриэль Темиралиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 8-сентябрда билдирди.   Дээрлик бир жылдан бери Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп келген Темиралиев 7-сентябрда кызматтан алынган. Анын ордуна мурдагы санарип өнүктүрүү министри Талантбек Иманов… Кененирээк…

Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Бектур Зулпиев президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.   58 жаштагы Бектур Зулпиев Ош шаарында туулган. Ал мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, 3-курстан соң Москва мамлекеттик университетине которулган. Жогорку окуу жайды аяктаган соң улуттук… Кененирээк…

Түп районунун акими өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Адиев Каныбек Маматбекович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Бишкек шаардык милициясынын башчысы алмашты

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматынан алынып, анын ордуна Азамат Токтоналиев дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Тийиштүү буйрукка министр Улан Ниязбеков кол койгон. Азамат Токтоналиев буга чейин Талас милициясын жетектеген. Мунун алдында ИИМ маңзат соодасына аралашкан… Кененирээк…

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарындагы резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды.

Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды

 Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бактыбек Аманбаев Вашингтон шаарында резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды.

Асылбек Сатывалдиев Жер ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды

Сатывалдиев Асылбек Владимирович Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды.   Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.