Таластын Манас районунда эки бала бакча ачылды

Таластын Манас районунда эки бала бакча ачылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда мектепке чейинки билим берүү мекемесинин бири Көк-Дөбө айылында, экинчиси Ак-Таш айылында жайгашкан.

 

Эки кабаттан турган 100 орундуу бала бакчанын курулушуна жалпысынан 10 миллион сомдон ашык жумшалса, 50 орундуу муниципалдык бакчанын жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашты. Курулуштарга каражат негизинен аймакты өнүктүрүү фонддорунан бөлүндү.