Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топторунун жыйыны өттү

Бишкекте 19-25-май күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анда тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо тууралуу өз ара сунуштарын алмашты.

 

Калган аймактарды сыпаттоо боюнча иш Тажикстанда өтчү келерки жолугушууда уланат. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү белигленди.