Бала бакчаларды ачуу маселесин жергиликтүү бийлик чечет

Бала бакчаларды ачуу маселесин жергиликтүү бийлик чечет.   Бул тууралуу  24 агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинин балдар гигиенасы бөлүмүнүн дарыгери Мария Кушубакова билдирди.   Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине атайын алгоритм иштерип чыкты, аны билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтери… Кененирээк…

Премьер-министр кыргызстандыктарга кайрылып, той-аштарды токтотуп турууга чакырды

Премьер-министр кыргызстандыктарга кайрылып, той-аштарды токтотуп турууга чакырды. Кубатбек Бороновдун айтымында, өлкөдө дагы деле эпидемиологиялык кырдаал турукташа элек, андыктан, көп сандагы адамды чогултуу кооптуу.   Ошондой эле  өкмөт башчы  кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларда карантиндик чектөөлөрдүн аткарылышын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү текшерип жатканын эскертти.  Бегилеп… Кененирээк…

Балыкчыда каржы пирамидасын уюштурган деп жети аял кармалды

Балыкчы шаарында каржы пирамидасын уюштуруп, көз боёмочулук кылган деген шек менен жети аял кармалды. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, алар башкаларды алдап, 10 миллион сомдон ашуун пайда көрүшкөн.   Кармалгандардын иши Жазык кодексинин 214 беренеси («Каржы пирамидаларын уюштуруу») боюнча териштириле баштады. Милицияга арыздангандардын маалыматына караганда, шектүүлөр… Кененирээк…

Мектептер үчүн талаптар жана 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине сунуштамалар иштелип чыкты

Мектептер үчүн талаптар жана 1-класстын окуучуларынын ата-энелерине сунуштамалар иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова билдирди.   Алгоритмге ылайык, класста окуучулардын саны азайтылат, мектеп директорлору санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу.   Балдар бет кап… Кененирээк…

Кыргызстанга 100 кычкылтек концентратору жеткирилди

Кыргызстанга 100 кычкылтек концентратору жеткирилди. Медициналык гуманитардык жардамды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көрсөттү. Анын суммасы 59 миң долларга барабар.   Буга чейин айтылгандай, өлкөгө алынып келинген медициналык жабдуулар убактылуу сактоочу жайга киргизилет. Кийин муктаждыгына жараша ооруканалар жана стационарларга бөлүштүрүлөт.

Саясий партиялар талапкерлердин тизмесин түзүп жатат

Саясий партиялар талапкерлердин тизмесин түзүп жатат. Бул процедуранын жүрүшү тууралуу кененирээк БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.   “Шайлоо жарыялангандан баштап партияларда талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү башталды. Бул съезддерде ишке ашырылат,              20-августка чейин партиялар талапкерлердин тизмесин съезддерде жашыруун добуш менен бекитип алышы керек. Жана 24-августка чейин… Кененирээк…

Чемпиондор лигасынын жыйынтыктоочу оюну 23-августта өтөт

Чемпиондор лигасынын жыйынтыктоочу оюну 23-августта өтөт. Финалда “ПСЖ”, “Лион” жана “Бавария” беттешет. Эске салсак, кечээ өткөн турнирде  “ПСЖ” “РБ Лейпциг” клубун 3:0 эсебинде жеңип алды. Голдорду Маркиньос, Анхель Ди Мария жана Хуан Бернат жаратты. Муну менен “ПСЖ” тарыхта алгачкы ирет Чемпиондор лигасынын финалында ойнойт. Азырынча форвард… Кененирээк…

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жардам 100 кычкылтек концентраторунан турат. Гуманитардык жардамдын суммасы 59 миң долларды түзөт. Аталган уюм өлкөдө пандемия катталгандан бери медициналык жабдуу жана коргонуу каражаттарын бир нече ирет тапшырып берген.

Кыргызстанда дагы 312 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 312 адам коронавирустан айыгып чыкты. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, сакайгандардын көбү Бишкекке, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарына туура келет. Өлкө боюнча коронавирус жана пневмониядан айыгып чыккандардын жалпы саны 35 миң 197ге жетти.

Өзбекстандык карыя быйыл да Меккеге жөө багыт алды

Өзбекстандык карыя быйыл да Меккеге жөө багыт алды. Кашка дарыя аймагынын жашоочусу ажылыкка сапарга чыгып, учурда ал Каракалпакстанга жетти. Ал өзүнүн эсеби боюнча Меккеге ушул жылдын декабрь айында жетет. Аксакалды орто жолдогу жашоочулар коноктоп жатышат. Түркмөнстандын мамлекеттик чек арасы жабык болгондуктан Сауд Арабиясына Казакстан аркылуу… Кененирээк…