Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар ишин токтотту

Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационар ишин токтотту. Мэриянын маалыматына ылайык, калаадагы Раатбек Санатбаев атындагы спорттук мектепте уюштурулган күндүзгү стационар кайрылгандардын саны азайгандыгына байланыштуу жабылды. Учурда шаарда күндүзгү жана түнкү стационар иштеп жатат. Кошумчаласак, өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташа баштады. Мындан улам жерлерде бир катар стационарлар жабылууда. Бул… Кененирээк…

Россиянын 10го жакын шаарындагы кыргызстандыктар өлкөгө кайтып келишти

Россиянын 10го жакын шаарындагы кыргызстандыктар өлкөгө кайтып келишти. Алар ЖОЖдордо билим алган студенттер, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле медициналык мекемелерге муктаж жарандар. Мекендештер Новосибирск – Ош багыты боюнча жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды кайтарууга каттамдарды уюштуруу жана аларды издөө… Кененирээк…

Каракол шаарынын суу системасы кайракалыбына келтирилет

Каракол шаарынын суу системасы кайракалыбына келтирилет. Калаа мэриясынан билдиришкендей, долбоордун жалпы суммасы 10 миллион еврону түзөт. Каражат Европа өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү банкы жана Щвейцариялык долбоор тарабынан бөлүнөт. Акчанын 4,5 миллион евросу грант катары, калган бөлүгү насыя түрүндө келет. Бардык иштер 2021-жылдын жаз айларында… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы спорттук комплекстин курулушу аяктады

Ош шаарында жаңы спорттук комплекстин курулушу аяктады. Комплекстин аймагында волейбол, баскетбол, күрөш, гимнастика жана дзюдо, карате боюнча залдары бар. Мындан тышкары анда фитнес борбору да орун алат. Ошондой эле ачык асман алдында волейбол аянтчасы бар. Ага карата көрүүчүлөр үчүн 200 орундук орнотулду. Белгилеп кетсек, иштер… Кененирээк…

Таиланд 1-октябрдан тартып туристтерди кабыл алса болот

Таиланд 1-октябрдан тартып туристтерди кабыл алса болот. Бул тууралуу өлкөнүн туризм министри жарыялады. Анын айтымында, “Сейф энд Силд” индустриясын кайра жандантуу планы кабыл алынса гана уруксат берилет. Курортко өлкөсүндө, шаарында акыркы 30 күн аралыгында КОВИД-19 аныкталбаган туристтер гана бара алышат. Ага катар, эс алуучулар белгиленген… Кененирээк…

Жалал-Абадда коомдук тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узартылды

Жалал-Абадда коомдук тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узартылды. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, эми коомдук тамактануучу жайлар, кафе-барлар түнкү саат 12ге чейин иштесе болот. Бирок кардарлардын саны 50дөн ашпай, санитардык эрежелер так сакталышы керек. Ал эми чайканалардагы кабиналарга 12 орундан ашпаган шартта гана уруксат берилет. Ошондой эле… Кененирээк…

Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңылары курулат

Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңылары курулат. Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыровдун айтымында, учурда былтыр Ош облусундагы күйүп кеткен 2 мектептин ордуна жаңылары салынууда. Мындан кийин, мектепте эмес башка имараттарда билим алган окуучулардын маселеси чечилет. Иштерге мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн. Биринчи кезекте окуу… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлдү

Ордо калаанын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлдү. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 7ге чейин Калык Акиев, Киев, Тимирязев, Сыдыков жана Фучик көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Кара-Жыгач жана Арча-Бешик конуштарында жарык жок болот. Чектөөлөр электр тармактарындагы оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу.

Жалал-Абад облусунда жаңы 23 бала бакча пайда болот

Жалал-Абад облусунда жаңы 23 бала бакча пайда болот. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемелери курулуп бүтсө жалпысынан 1,5 миң балага орун түзүлөт. Бардык объектилерде иштер өз мөөнөтүндө аткарылып жатат. Бакчалар муктаждыкка жараша район жана шаарларда курулууда. Ири долбоорго каражат республикалык жана жергиликтүү бюджет… Кененирээк…

Кыргызстанда кафе, ресторан жана башка көңүл ачуучу мекемелерди көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

Кыргызстанда кафе, ресторан жана башка көңүл ачуучу мекемелерди көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Мындай чечимдин кабыл алынышына токтобостон уюштурулуп жаткан мааракелерди белгилөө чаралары себеп болду. Республикалык штабдан белгилешкендей, учурда өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө киргизилген тыюу салуу күчүндө. Андыктан, адамдардын массалык түрдө вирусту жуктуруп алуу коркунучунан улам текшерүүлөр… Кененирээк…