Жогорку Кеңешке шайлоо күнү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин белгиленет

Жогорку Кеңешке шайлоо күнү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин белгиленет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Ведомство маалыматына ылайык, чечим кеңешмеде кабыл алынды. Ошондой эле, депутаттар  форма-2 боюнча каттоого алуу суроосун чечиши керек.   Алтынчы чакырылыштын депутаттары шайлоо босогосун төмөндөтүү жана кепилдик суммасы боюнча бардык өзгөртүүлөрдү 3окууда… Кененирээк…

Жалал-Абадда коронавирус коркунучунан улам бир катар чектөөлөр киргизилди

Жалал-Абадда коронавирус коркунучунан улам бир катар чектөөлөр киргизилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда штаб Жалал-Абад шаарында карантин режимин киргизүү маселесин карап жатат.   Белгисиз мөөнөткө чейин 50дөн ашык кардарга эсептелген кафелерге иштөөгө тыюу салынды. Футбол талаалары жана коомдук мончолор жабылды. Эске салсак, марттан тарта Жалал-Абадда коронавирус… Кененирээк…

Пекинде алгачкы роботаксилер пайда болду

Пекинде алгачкы роботаксилер пайда болду. Айдоочусу жок унаа азырынча жүргүнчүлөрдү белгиленген каттам менен гана ташып жатат. Буга карабай, ага түшүүнү каалагандардын саны арбын болууда.   Анткени, атайын тиркемени колдонсо, роботакси кызматы акысыз болот. Колдонуучулар мындай таксинин кемчиликтери бар экенин айтышууда, алсак, ал өтө жай жүрөт… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспортторду киргизүүнү улантууда

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспортторду киргизүүнү улантууда. Ведомство маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата документтин дизайны иштелип чыкты, эми бланктарды чыгарууга кезек келди.   Ошондой эле, техникалык жабдууларды жана программалык камсыздоону ишке киргизүү боюнча иштер аткарылып жатат. Жаңы үлгүдөгү документ 30дан ашык коргоочу элементке… Кененирээк…

Ошто кошумча стационарлар ачылат

Ошто кошумча стационарлар ачылат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, буга чейинки дарылоочу жайларда орундар калбай калды.   Андыктан, бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн дагы 70тей күндүзгү жана түнкү стационарларды ачуу чечими кабыл алынды.

БШК партиялардын күрөө акысы менен эмне кылуу керектигин чече элек

БШК партиялардын күрөө акысы менен эмне кылуу керектигин чече элек. Бул тууралуу Боршайком төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда партияларга акчасын кайтаруу мыйзамда каралган эмес.   Андыктан, бул маселени чечүү Жогорку Кеңеш депутаттарына чечүү сунушталды. Эске салсак,… Кененирээк…

Казакстанга баруу үчүн 16 жашка чыга элек балдардан дагы паспорт талап кылынат

Казакстанга баруу үчүн 16 жашка чыга элек балдардан дагы паспорт талап кылынат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, эреже 15-октябрдан тарта күчүндө.   Эске салсак, буга чейин 16 жашка чыга электер чек ара аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен эле… Кененирээк…

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин 9-бөлүмүнүн башчысы, УКМК төрагасынын орун басары болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин 9-бөлүмүнүн башчысы, УКМК төрагасынын орун басары болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.   Эске салсак, атайын кызматты өз жетекчилигине Камчыбек Ташиев алды.

Сауд Арабиясында бүркүт 173 миң доллар, же 1 миллион 384 миң сомго сатылды

Сауд Арабиясында бүркүт 173 миң доллар, же 1 миллион 384 миң сомго сатылды. Бул өлкө тарыхында эң кымбат канаттуу болуп калды. Аукциондо бүркүттүн баштапкы баасы 30 миң долларды түзгөн.   Салмагы 1 килограммдан ашкан жаш бүркүт өлкөнүн чыгышында кармалып, эми колго көндүрүлүп баштады.