Футбол боюнча Кыргызстан Кубогу мелдешинин финалы 22-октябрда өтөт
Футбол боюнча Кыргызстан Кубогу мелдешинин финалы 22-октябрда өтөт. Футбол союзунан билдиришкендей, жыйынтыктоочу оюнда “Абдыш-Ата” жана “Алай” командалары беттешет. Оюн Кант шаарында өтөт. Эске салсак, былтыр Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командасы чемпион аталган. Ал “Дордой” клубун 1:0 эсебинде жеңип алган.