Эртеңки футбол боюнча үч улуттун Кубогуна Кыргызстандын 2 спортчусу катышпайт

Эртеңки футбол боюнча үч улуттун Кубогуна Кыргызстандын 2 спортчусу катышпайт. Дарбазачы Кутман Кадырбеков жана Бекжан Сагынбаев өлкөгө кайтып келе элек, — деди кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Эске салсак, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2-сентябрдан 7сине чейин эл аралык жолдоштук беттеш өтөт. Анда Кыргызстан, Палесина жана… Кененирээк…

Бишкекте Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдагандан кийин 4 тонна таштанды чыгарылды

Бишкекте Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдагандан кийин 4 тонна таштанды чыгарылды. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, жыйноо иштерине 8 атайын техника жана “Тазалыктын” 60 кызматкери тартылды. Кечээ аянтта таштанды үчүн 60 контейнер орнотулду. Жууп-тазалоо иштери түнкү саат 2де аяктады. Эске салсак, 2019-жылы концерттен кийин аянттан 16 тонна… Кененирээк…

Бишкекте 15-сентябрда дагы бир билим берүү мекемеси пайдаланууга берилет

Бишкекте 15-сентябрда дагы бир билим берүү мекемеси пайдаланууга берилет. Novosti.kgге мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, кеп, №12-мектеп гимназиясы тууралуу болуп жатат. 2 корпустан турган мектеп 3 кабаттуу жана 384 окуучуга чакталат. Анын жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзөт. Курулуш иштерине 83,5 миллион сом… Кененирээк…

Бүгүн транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү

Бүгүн транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан эскертишти. Ал эми эртең, 2-сентябрда турак жайлар менен батирлерге, ошондой эле жер салыгына салык төлөөнүн мөөнөтү бүтөт. Каражатты бардык банк кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, терминал, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөсө болот.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге күрөө акысын төлөө мөөнөтү айтылды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге күрөө акысын төлөө мөөнөтү айтылды. Партиялар – 1 миллион сом, ал эми бир мандаттуу талапкерлер – 100 миң сом деп орнотулган сумманы 18-октябрь, кечки саат  6га чейин төлөшү керек, — дешти БШКдан. Андан тышкары, округ боюнча жарышка аттангандар каттоодон өткөндөн кийин… Кененирээк…

Кыргызстанда төлөм карталардын саны 15,3 пайызга көбөйдү

2021-жылдын 1-июлуна карата жүгүртүүдөгү банктык төлөм карттарынын жалпы саны 3,5 миллиондон ашты. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карталардын саны 15,3%га көбөйгөн, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда. Түрү боюнча төлөм карталарын бөлүштүрүү төмөнкүчө болгон: «Элкарт» улуттук системасы — 2 млн 269 миң (64,8%); VISA — 1 миллион… Кененирээк…

Жолдошбек Ачикеев “Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын” башкы директору болуп дайындалды

Жолдошбек Ачикеев “Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын” башкы директору болуп дайындалды.   Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Ачикеев буга чейин “КыргызЭнерго”, “ЧыгышЭлектро” жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагынын” Ысык-Көлдөгү филиалында иштеген.   Белгилеп кетсек, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” — бул электр станциялары иштеп чыгарган электр энергиясын бөлүштүрүүчү… Кененирээк…

Россия өкмөтү Кыргызстанга 1 миң 150 тонна байытылган ун тапшырды

Россия өкмөтү Кыргызстанга 1 миң 150 тонна байытылган ун тапшырды.   Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Азык БУУнун Оштогу дүйнөлүк азык-түлүк программасынын сактоочу жайларына келип түштү.   Ун аз камсыздалган 40 миң үй-бүлөгө таратылат. Бирок бул колдоону алыш үчүн үй-бүлөлөр ар кандай коомдук… Кененирээк…

Кыргызстанда толугу менен эмдөөдөн өткөн жарандардын саны жарым миллионго жетти

Кыргызстанда толугу менен эмдөөдөн өткөн жарандардын саны жарым миллионго жетти.   Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Бүгүнкү күнгө карата вакцинанын эки компонентин 445 миң адам алса, бир компоненти 681 миң кыргызстандыкка жасалды.   Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинин божомолдору боюнча, 1-сентябрга карата коронавирустан 1 миллион… Кененирээк…

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 122 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 122 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү.   Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдиргендей, бюджеттен бул максатта   34 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.   Ошондой эле, жабыркагандарга ай сайын жөлөк пул берүү маселеси чечилип жатат. Жөлөк пул… Кененирээк…