Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө быйыл дээрлик 40 миллиард сом багытталат

Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө быйыл дээрлик 40 миллиард сом багытталат.   Бул тууралуу өлкөнүн бекитилген бюджетинде айтылат. Көрсөтүлгөн сумманын 26 миллиард 681 миллиону тышкы карыздан кутулууга, калганы ички бересеге сарпталат.   Бул карызды тейлөөгө багыттала турган рекорддук сумма болуп эсептелет. Ал эми 2020-жылы мамлекеттик карыздан… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Чыгышэлектр” бөлүштүрүүчү компаниясынын маалыматына ылайык, Чок-Тал, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Өрнөк айылдарында, Балыкчы жана Каракол шаарларынын айрым көчөлөрүндө жарык жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Эл каттоо өнөктүгүнүн маанилүүлүгү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Эл каттоо өнөктүгүнүн маанилүүлүгү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев анын алкагында кандай аракеттер көрүлүп жатканын айтып берет.   “Азыр биз жарнактарды көбөйтөбүз. 1 миңден ашык калк жашаган конуштарда, шаарларда, райондун борборлорунда, айыл жерлеринде жарнактар илинмекчи. Ага… Кененирээк…

БШК кайра шайлоодо добуш бере тургандардын акыркы тизмесин түздү

БШК кайра шайлоодо добуш бере тургандардын акыркы тизмесин түздү. Комиссия маалыматына ылайык, Биринчи май округу боюнча шайлоочулардын саны 110 миң 888ди түзсө, Свердлов округунда 104 миң 711 шайлоочу бар.   Алардын жарымынан көбү аялдар. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлөт. Жарандар тизмеде бар-жогун 1255 же… Кененирээк…

Айдоочуларга күмүш сырга – тоолуу трассаларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга күмүш сырга – тоолуу трассаларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Ак-Таш трассалардын муз тоңуп, кар көчкү түшүшү мүмкүн.   Андыктан, айдоочуларга этият болуп,… Кененирээк…

Афганистандан Канадага 285 мышык жана ит жеткирилди

Афганистандан Канадага 285 мышык жана ит жеткирилди.   Бул бийликке талибандар келгенден кийин өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон жарандардын үй жаныбарлары. Global News маалымдагандай, жаныбарларды куткаруу операциясы  5 ай жүргүзүлдү. Жалпысынан 154 ит жана 131 мышыкты өлкөдөн чыгарып кетүү мүмкүн болду.

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундары акысыз медициналык кароодон өткөрүлдү

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундары акысыз медициналык кароодон өткөрүлдү. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, көчмө клиниканын дарыгерлери 300дөн ашык адамды кабыл алды.   Аларга ар кандай ооруларга экспресс-тесттер жасалып, медициналык кеп-кеңештер берилди.

Швейцарияда окумуштуулар банандын кабыгынан энергия өндүрүүнү үйрөнүштү

Швейцарияда окумуштуулар банандын кабыгынан энергия өндүрүүнү үйрөнүштү.   Алар кабыкты кургатып, андан кийин фотолиз реакторуна салып коюшкан. Жарыктын алдында жана жогорку температурада кычкылтек, суутек жана газ бөлүнүп чыккан.   Муну менен кымбат жабдуулар жок эле, бир килограмм банан кабыгынан 100 литр суутек жана 330 грамм… Кененирээк…

Бишкектин №6 мектебинине жаңы корпус курулат

Бишкектин №6 мектебинине жаңы корпус курулат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.   Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган тендерге ылайык, жаңы корпус 3 кабаттан туруп, анда окуу класстарынан тышкары, спорт жана акты залдары болот.   Бул максатта бюджеттен 78 миллион 510 миң сом бөлүнөт.… Кененирээк…

Жалал-Абадда дыйкандарга жеңилдетилген насыя кезексиз берилет

Жалал-Абадда дыйкандарга жеңилдетилген насыя кезексиз берилет. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, мэр, банктын өкүлдөрү жыйын өткөрүп, өкмөттүн 6 пайыздык насыясы тууралуу кеңири маалымат берилип, дыйкан-фермерлердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.   Белгилеп кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору аркылуу дыйкандарга кезексиз, ал эми мал чарбачылыгы үчүн… Кененирээк…