Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйөт

Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев билдирди. Мындай чечимдердин бири катары паспортту даядагандыгы үчүн мобилдик тиркеме аркылуу QR-код менен төлөө мүмкүндүгү саналат. Кийинки кадам – жарандык абалды каттоо актыларын, транспорт каражаттарын каттоодо, ошондой эле… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 25 үй курулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 25 үй курулду. Турак жайга Аримжан айылынын тургундары ээ болушту. Жаңы үйлөрдө калктын социалдык жактан аялуу катмары, анын ичинде жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, айылда 100 орундуу тигүү цехи,… Кененирээк…

Мамлекеттик органдар тендерлердин аткарылышы боюнча отчет берүүгө милдеттендирилет

Мамлекеттик органдар тендерлердин аткарылышы боюнча отчет берүүгө милдеттендирилет. Тиешелүү токтом долбоорун Каржы министрлиги иштеп чыкты. Демилгечилер тендердик бүтүм түзүлгөндөн кийин мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу тартибине банктык колдоону киргизүүнү сунуштап жатат. Башкача айтканда, банктар келишимдин негизинде гана акча чыгарып, ошону менен каражаттын колдонулушун көзөмөлдөйт. Бул… Кененирээк…

Эл аралык жүк ташууларды жеңилдеткен мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапты

Кыргызстандыктар үчүн эл аралык жүк ташууларды жеңилдеткен мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапты. Унаа жана жолдор министрлигинин орун басары Таабалды Тиллаев белгилегендей, документ жүк ташуу процессине санариптик технологияларды киргизүү, мамлекеттердин мамлекеттик чек аралары аркылуу автотранспорттордун өтүүсүн жөнөкөйлөтүү жана эл аралык автотранспортто жүктөрдү автомобиль транспорту менен… Кененирээк…

Коронавируска каршы вакцинанын 1,5 млн дозасынын мөөнөтү 1 айдын ичинде бүтөт

Коронавируска каршы вакцинанын 1,5 миллион дозасынын мөөнөтү 1 айдын ичинде бүтөт. Маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурила Шериева тастыктады. Анын айтымында, учурда өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын 2 миллион 500 миңден ашык дозасы бар. «Анын ичинен 1,5 миллион дозанын мөөнөтү июль айында бүтөт. Азыр биз… Кененирээк…

“Манас” театрынын курулушу жыл аягында аяктайт

Кыргыз улуттук “Манас” театрын жыл аягында ишке берүү күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулу билдирди. Анын айтымында, театр «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин күн батыш тарабында жайгашып, 305 орундуу болот. “Азыр курулуш иштери өз нугунду жүрүүдө. Жаңы улуттук театрдан концерт, спектаклдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар казакстандагы турнирде 10 медалга ээ болушту

Ал арада кыргызстандык балбандар казакстандагы турнирде 10 медалга ээ болушту. Күрөш боюнча эл аралык мелдеш 2-июндан 5-июнга чейин Алматыда өттү. Турнирге жалпысынан 19 балбан катышып, төрт алтын, бир күмүш, беш коло медаль менен кайтышты. Муну менен Кыргызстан жалпы командалык эсепте бешинчи орунду ээледи. Кошумчаласак, спорттук… Кененирээк…

Казакстандыктардын 77 пайыздан ашыгы Башмыйзамды өзгөртүүгө макул болушту

Казакстанда өткөн референдумга добуш бергендердин 77 пайыздан ашыгы Башмыйзамды өзгөртүүгө макул болушту. Коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, референдумга 7 миллион 986 миң адам катышты. Анын 18 пайызы түзөтүүлөргө каршы болушкан. Белгилеп кетсек, кечээ, 5-июнда Казакстанда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы республикалык референдум өттү.… Кененирээк…

Нарында сүт продукцияларын өндүргөн завод ишке кирди

Нарында сүт продукцияларын өндүргөн завод ишке кирди Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана үчүн жеке ишкер чет өлкөдөн асыл тукум 64 уй сатып алды. Аларды тейлеген сүт комплекси курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылды. Учурда уйлар Кыргызстандын шартына ыңгайлашып, суткасына ар бири 20 литрден… Кененирээк…

Кыргызстандагы 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү

Кыргызстандагы 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, пособие калктын аялуу катмарынын 15 категориясы үчүн жогорулатылды. Алардын көпчүлүгүн аз камсыз үй-бүлөлөрдө жашагандар жана “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдар түзөт. Белгилеп кетсек, бул каражаттын өлчөмү… Кененирээк…