Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти келди

  Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга келгенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен «Европа биримдиги — Борбор Азия» деп аталган экинчи саммит өтөт. Мишель аталган иш-чарага катышуу үчүн келген. Андан сырткары, саммитке Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчылары катышмакчы.… Кененирээк…

Бүгүн жана эртең Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бүгүн жана эртең Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишелдин жолугушуусу өтүүдө. Буга байланыштуу, чет элдик делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа… Кененирээк…

АКШнын Юта штатында 18 жашка чыга электер ата-энесинин расмий уруксаты жок социалдык тармактар менен колдоно албайт

АКШнын Юта штатында 18 жашка чыга электер ата-энесинин расмий уруксаты жок социалдык тармактар менен колдоно албайт. The Guardian басылмасы билдиргендей, тиешелүү мыйзамга штаттын губернатору 2 ай мурда кол койду.   Ал 2024-жылдын март айында күчүнө кирет. Тыюу TikTok, Instagram жана Facebook платформаларына тиешелүү.

Бишкектин алдындагы конуштарга эми таза суу атайын график менен берилет

Бишкектин алдындагы конуштарга эми таза суу атайын график менен берилет.   “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, мындай чектөөлөр Арча-Бешик конушунда жана Селекционный, 105 контур, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарында киргизилип, абал жакшырганга чейин күчүндө болот.   Муниципалдык ишканадан билдиришкендей, чектөөлөр суу жеке… Кененирээк…

Forbes дүйнөнүн эң кымбат футбол клубдарын атады

Forbes дүйнөнүн эң кымбат футбол клубдарын атады. Рейтингдин сап башында мадриддик “Реал” турат, бул клуб 6 миллиарддан ашык долларга бааланат. Экинчи орунда туура 6 миллиард менен анлиялык “Манчестер Юнайтед” турат.   Үчилтикти “Барселона” бекитет, анын баасы 5 миллиард доллар. Дүйнөнүн кымбат клубдарынын тизмесине ошондой эле… Кененирээк…

Россия Кыргызстанда 9 мектеп куруп берет

Россия Кыргызстанда 9 мектеп куруп берет. Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорду үч окууда кабыл алды. Объектилер республиканын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында бирден пайда болуп, ар бири 1 миң 200 окуучуга чакталат.   Билим берүү эки өлкөнүн стандарттарына туура келет. Кыргызстандык мугалимдердин маянасы россиялык… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Борбор калаанын кээ бир аймактарында 2-июнь күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 9:00-12:00 — Баялинов, Журнальная, Турусбеков, Үч-Коргон көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Манас проспектисинде, Жети-Өгүз жана Офицер туюк көчөлөрүндө; 9:00-17:00 — Чоң-Арык-9 (Северная көчөсү) айылында, Фучик жана… Кененирээк…

Билим берүү министри мектептерде акча чогултууга тыюу салды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 1-июнда “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө” буйрукка кол койду. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.   Буйрук президенттин жарлыгынын алкагында чыгарылган. Анда 1-11-класстардын окуучуларынын ата-энелеринен мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана… Кененирээк…

Бишкектеги эл аралык мелдеште Махмудов, Кадыров коло байге алды

Бишкекте Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргызстандык балбандар Дастан Кадыров жана Бексултан Махмудов коло байгеге ээ болушту. Грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта күч сынашкан Кадыров коло байге үчүн таймашта дагы бир кыргызстандык Баяман Каримовду утту.   3-орун үчүн… Кененирээк…

Оор жүк ташуучу унааларга жолдо жүрүүдө чектөөлөр киргизилди

Оор жүк ташуучу унааларга жолдо жүрүүдө чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин буйругуна ылайык, жалпы массасы 18 тоннадан ашкан машинелерге аба табы 28 градустан жогору болгондо эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин жүрүүгө тыюу салынат.   Мындай эреже 1-сентябрга чейин күчүндө болот.   Максаты… Кененирээк…