Жалал-Абадда эки чакан ГЭС курулуп жатат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Айгыр-Жал ГЭСи курулуп жатат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу дээрлик 2,5 мегаватты түзөт. План боюнча объект быйылкы жылы ишке киргизилет.   Кошумчаласак, ушул эле райондо дагы бир чакан ГЭС – Көк-Арт курулууда. Анын кубаттуулугу 6,5 мегаваттан ашат. Ички инвесторлор тарабынан… Кененирээк…

Ошто таштандыларды чогултуу жана сорттоочу экинчи пункт пайда болду

Ошто таштандыларды чогултуу жана сорттоочу экинчи пункт пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, ал Алиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.   Участокто бүт процессти көзөмөлдөгөн диспетчер иштейт.   Мэрия алгачкы пункт былтыр жайында Араван кичи районунда орнотулганын эске салды. Анда мындай пилоттук долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке… Кененирээк…

Бишкекте мигранттар үчүн акысыз бизнес курстар ачылды

Мекенине кайтып келген эмгек мигранттары үчүн Бишкекте акысыз бизнес курстар ачылды. Бул тууралуу Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.   Бизнес ачуу боюнча кеңеш алуу үчүн жаран 18 жаштан жогору жана чет өлкөдө иш тажрыйбасы болушу керек.   Мындан тышкары, бардык жумушсуз жарандар… Кененирээк…

“Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинин катышуучулары Кыргызстанга келишти

“Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинин катышуучулары Кыргызстанга келишти. Коноктордун тизмесинде Европа кеңешинин президенти, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлери бар.   Эске салсак, саммит бүгүн жана эртең Чолпон-Атада өтөт. Катышуучулар аймактардагы саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыктын учурдагы… Кененирээк…

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тосуп алды.   Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Чоң-Алайда жер титиреди

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү бүгүн саат 10:19да болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен.   Жер титирөө Чоң Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Токаев «Борбор Азия-Евробиримдик» саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 2-июнда иш сапар менен Кыргызстанга келди. Чолпон-Ата шаарында өтө турган “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитине катышуу үчүн келген казак лидерин Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунан өкмөт башчы Акылбек Жапаров тосуп алды.   Саммит Чолпон-Атада бүгүн өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Европа… Кененирээк…

Бишкекте үй шартындагы 2 бала бакча ачылды

Бишкекте үй шартындагы 2 бала бакча ачылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алардын бири Жибек Жолу проспектисинин Исанов көчөсү менен кесилишинде жайгашса, экинчиси Ак-Босого конушунда орун алды.   Ведомстводон эскертишкендей, мындай үй шартындагы бала бакчалар “Өкмөттүн акселераторлор” программасынын алкагында түзүлүүдө.   Демилге мектепке чейинки билим берүүнү… Кененирээк…

Ысык-Көлгө келген Эмомали Рахмонду Акылбек Жапаров тосуп алды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөт билдирди. Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Эмомали Рахмон 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат. Буга чейин ушул эле аба… Кененирээк…

Криштиану Роналду кийинки сезондо дагы “Аль-Наср” клубунда ойной турганын жарыялады

Криштиану Роналду кийинки сезондо дагы “Аль-Наср” клубунда ойной турганын жарыялады. Форвард бул сезондо утулуп калганына карабай, чемпиондукту багындырууга багыт алганын белгиледи.   Буга чейин Роналду “Аль-Наср” менен келишимди бузгусу келип жатат деген маалыматтар тараган. Бул учурда спортчуга чоң суммадагы айып төлөөгө туура келмек.   Эске… Кененирээк…