Бишкекте Ала-Арча дарыясы тазаланып жатат

Бишкекте Ала-Арча дарыясы тазаланып жатат. Мэриядан билдиришкендей, учурда иштер анын Скрябин-Малдыбаев көчөлөр кесилишинен Ахунбаевге чейинки тилкесинде жүрүүдө.

 

Адистер куурап калган бутактарды, бактарды кыйып, камыш жана башка чөп-чарды чабууда. Мындай иштер 10 жылдан бери биринчи ирет аткарылып жатканы белгиленет. Башкы максат – кышкысын суу ташкындоо учурларын алдын алуу болуп эсептелет.