Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, аттестат тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы гана билим берүү органдарынын, ата-энелердин катышуусу менен өтүшү керек.
Андан кийин кафе-ресторандарда, жаратылыш койнунда отуруштарды уюштурууга тыюу салынатт.
Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлөт.