Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга кайра уруксат берилди

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга кайра уруксат берилди. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Эске салсак, өткөн жумада министрдин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын жар салган. Ал мындай чара ордо калаадагы ышты азайтууга жардам берерин кошумчалаган.

 

Ошондой эле Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатканы, анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн деп айтылган.