Мугалимдер үчүн программалоо тили боюнча акысыз курс уюштурулат

Бүгүн, 7-февралдан тарта мугалимдерди «Python тилинде программалоо» онлайн-курсуна кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Каалоочулардын өтүнмөлөрү 31-мартка чейин кабыл алынат. Анүчүн forms.yandex.ru сайтына катталып, анкета толтуруу керек. Тандалып алынгандарга окутуу 1-1,5 ай жүргүзүлөт.

 

Белгилүү болгондой, онлайн окутууну Яндекс Go компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү сунуштаган. Курс сабактар, маселелер, тесттер, ошондой эле жыйынтыктоочу тест менен бирге 5 модулдан турат.

Катышуучулар тилдин базалык түзүлүшүн, коллекцияларды, сүрөттөрдү, документтерди, таанытымдарды иштетүү үчүн китепканаларды жана объектиге багытталган программалоонун негизги концепцияларын үйрөнүшөт.

 

Курстан жана жыйынтык тесттен ийгиликтүү өткөндөргө «Яндекстин» сертификаты, акысыз методикалык материалдар берилет.